Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт
Photo by vigor poodo / Unsplash

2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мындан тышкары окуңуз

Балык чарбасына тоют жеткирүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасына тоют жеткирүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт

Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документтин максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун туруктуулугун сактоо, ошондой эле продукциянын сапатын жогорулатуу.

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада ал Италия, Хорватия, Сербия, АКШ жана Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары — санкциялар жаатындагы кызматташтык жана

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Бакыт Төрөбаев Баткендин өнүгүүсү боюнча башкы багыттарды белгиледи

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылга карата региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы негизги милдеттер аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында улуттук жана аймактык программаларды ишке

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган. Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош