Мамкызматкерлерге квартал сайын берилчү премиялар убактылуу токтойт, бирок 13-маяна берилет
Мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын берилчү сый акылар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Орунбеков Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, убактылуу токтотулган премия мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатканын белгиледи. “Буга чейин абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка”