Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп жатат
Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунун алдында президент Садыр Жапаров ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин ар бирин — Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Орусиянын президенти Владимир Путинди тосуп алды. Кол алышу