Кыргызстан Түштүк Кореяга Е-7 визасы бар кыргызстандыктарды пенсия менен камсыздоону сунуштады

Кыргызстан Түштүк Кореяга Е-7 визасы бар кыргызстандыктарды пенсия менен камсыздоону сунуштады

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Е-7 визасы бар кыргызстандыктарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-июлунда Сеулда элчи Аида Исмаилова Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу Министри Ли Чжон Сик мырза менен жолугушту.

Элчи кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанга бөлүнгөн квоталарды толук пайдалануу үчүн эмгек келишимдерин көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Элчи ошондой эле Е-7 визасы бар кыргызстандыктарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Ли Чжон Сик мырза Кыргызстандын ишке орношуу жаатындагы жетишкендиктерин тааныгандыгын жана бул жаатта эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле кыргыз тараптын сунуштарын карап чыгууга даяр экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу

Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын түшүндүрдү. Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү 2024-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган шайкештик аудитин жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча 826,7 млн сом көлөмүндө финансылык бузуулар жана

ӨКМ мектептердин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын текшерүүдө

ӨКМ мектептердин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын текшерүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаңы окуу жылынын башталышына карата өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын пландуу текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептерде өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы, эвакуациялык чыгуу жолдорунун абалы, өрт өчүрүүчү каражаттардын жарактуулугу жана электр жабдууларынын коопсуздугу каралууда. ӨКМдин