акыркы жаңылыктар

Бишкекте беш бизнес борбору бар AЭФБ «Астананын» аналогун курууну көздөшүүдө

Бишкекте беш бизнес борбору бар AЭФБ «Астананын» аналогун курууну көздөшүүдө

Бишкекте ишкердик бизнес-көргөзмө борборун жана финансылык-инвестициялык хабды түзүү концепциясы көрсөтүлдү. Алар Кыргызстандын борборунун эркин экономикалык аймагында пайда болушу мүмкүн. Концепция Астана эл аралык финансы борборунун (AЭФБ) Жашыл финансы борбору жана Борбордук Азия ЭЭА өнүктүрүү корпорациясы тарабынан иштелип чыкканын Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) билдирди. Долбоор беш жылдын ичинде беш негизги

Сауд Арабиялык бизнес-делегация «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» жана «Шоро» компанияларына барды

Сауд Арабиялык бизнес-делегация «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» жана «Шоро» компанияларына барды

Сауд Арабия Падышачылыгынан келген Al Rajhi, Saudi Exim Bank сыяктуу ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү КРдагы сапарынын алкагында, балчылык, балык жана эт азыктары, ошондой эле бөтөлкөдөгү сууларды чыгарган жергиликтүү ишканаларга барышканын Инвестиция боюнча агенттик билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» ЖЧК жана «Шоро» ЖАКтын өкүлдөрү Сауд Арабиянын делегациясын өндүрүштүн

КРда текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кыргыз-корей борборун түзүүгө 8 млн доллар салынышы мүмкүн

КРда текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кыргыз-корей борборун түзүүгө 8 млн доллар салынышы мүмкүн

КР Экономика жана коммерция министрлиги Кореянын Боек жана дизайн технологиялары институту менен биргеликте КРнын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жана мындан аркы кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ведомстводон билдиришти. Ага ылайык, кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүү, тигүү тармагында көмөк көрсөтүүнү караган TASK долбоорун ишке ашыруу каралууда. 30-ноябрда министрдин

Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда

Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда

Ош базардагы “Берекет” ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди. Депутаттын айтымында, аталган соода борборунан бир топ ишкер аялдар кайрылышкан. Алар 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ижара акысын, салык төлөп иштеп келишкенине карабай “Берекет” базарынын администрациясы акыркы жолу өрт чыккандан кийин ишкерлерди

ЕРӨБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар берет

Гранттар жана кредиттер

ЕРӨБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар берет

Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында КР Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда КРга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Форумда сүйлөгөн сөзүндө Жапаров өнүгүүнүн жаңы айлампасына ээ болуу үчүн инфраструктуралык интеграцияны жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. “Бизге окшогон

Кийинки жылы жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт

Кийинки жылы жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт

Келерки жылдан баштап президенттин жарлыгы менен мамлекеттик ипотекага төмөндөтүлгөн жылдык 4% менен көп кабаттуу үйлөрдү куруп башташат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди. Туманбаев белгилегендей, делегаттар жакында өткөн элдик курултайда ипотека маселесин көтөрүшкөн. Жыйындын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы 14%дан 4%га

Жыл башынан бери 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды

Жыл башынан бери 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында быйылкы жылдын башынан бери дыйкандарга 4 млрд 678 млн сомдук 8.2 миң кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Министрлик жалпысынан 2013-жылы долбоор башталгандан бери 51.6 млрд сомго 120 миңден ашык жеңилдетилген насыялар берилгенин кошумчалады. 2013-жылдан бери насыялар төмөнкү секторлор боюнча берилген: * Мал

«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

Экономика

«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

Сауд Арабиялык инвесторлорго жети ири перспективдүү долбоорлор сунушталды. Кечээ, 29-ноябрда, Сауд Арабиясынан келген бизнесмендердин иш сапарынын алкагында аталган долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерде иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди Инвестиция агенттиги. Алсак, иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz Wind System компаниясынын кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын куруу боюнча

Банктар акча алмаштырууда ККМ колдонууга каршы чыгышты

Банктар акча алмаштырууда ККМ колдонууга каршы чыгышты

Кыргызстандын банктары акча алмаштырууда кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы чыгышты. Бул талап Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланган Салык кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыйнагында камтылган. Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кепилдик фондунун” өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын айтып берип жатып, ЖК өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаганда банктар өз

АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет

Гранттар жана кредиттер

АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет

Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 50 млн доллардык бюджеттик колдоо көрсөтүүсүн биринчи окууда ратификациялашты. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КР менен АӨБ ортосундагы «Антициклдик активдүү чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу (BRACE)» келишими боюнча маалымат берди. Анын айтымында, программа дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы

Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт

Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Анын максаты – 2023-жылдын жер айдоо мезгилине чейин өлкөнүн дыйкандарына запастарды жеткирүү. Минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынат, деп айтылат минкабдын сайтында. Бирок, мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинде ал көбүнчө Тажикстанга жер семирткичтерди реэкспорттоо

Кыргызстандык ишкерлер Google, Apple жана PayPal компанияларынын АКШдагы кеңселерине барып келишти

Кыргызстандык ишкерлер Google, Apple жана PayPal компанияларынын АКШдагы кеңселерине барып келишти

23-ноябрда кыргызстандык ишкерлер АКШга болгон бизнес турунун алкагында Кремний өрөөнүндөгү инновация жана технология тармагындагы эң таасирдүү жана дүйнөлүк лидер эсептелген компаниялардын башкы кеңселерине барышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынан (AmCham) билдиришти. Google программалык инженери Нурбек Сакиев делегацияга Кремний өрөөнүнүн аймагындагы Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарындагы Google компаниясынын башкы кеңсеси менен