Финмин банктарды пайызсыз насыяларды берүүдө шарттарды татаалдаштырбоого чакырды

Финмин банктарды пайызсыз насыяларды берүүдө шарттарды татаалдаштырбоого чакырды

Финансы министрлигинде 11 коммерциялык өнөктөш банктын жетекчилери менен ишкерлерге пайызсыз насыяларды тоскоолдуксуз берүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Жыйында ишкерлерге үстөксүз насыяларды тоскоолдуксуз берүү маселелери талкууланды.

«Ишкерлерди тез арада колдоо боюнча мамлекеттик долбоордун милдети – карыздын жүгүн көбөйтпөстөн, бизнесин өнүктүрүүгө жардам берүү. Коммерциялык банктардын кызматкерлери пайызсыз эмес, жылдык 20%дан баштап насыяларды сунуштаган учурлар көп кездешет. Бизнес пайызсыз насыя алууда коммерциялык банктардын бюрократиялык процесстеринин курмандыгы болбошу керек. Бул кредиттерди бизнеске берүү шарттарын татаалдаштырбоого чакырам», - деп белгиледи министрдин орун басары Руслан Татиков.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген

Соода-өнөр жай палатасына мүчө болуу үчүн 140 компания арыз берген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, берилген арыздардын басымдуу бөлүгү — 108и Бишкек шаарынан. Ошондой эле 15 компания Жалал-Абад, 11и Ош, бешөө Баткен жана бирөө Талас облустарынан кайрылышкан. Палатага кошулууга кийим тигүү, курулуш, логистика, кыймылсыз мүлк,

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

"Ала-Тоо Резорт" лыжа комплекси качан ачылары белгилүү болду

Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" төрт мезгилдүү тоо кластеринин лыжа трассаларын жана асма жолдорун куруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме өттү. Ишканадан билдиришкендей, "Ала-Тоо Резорт" ААКнын жетекчилиги жана адистери подряддык жана долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте объектилердеги курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшеришти. Кеңешменин катышуучулары лыжа трассаларынын

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын  ишин токтотуу демилгеленди

Санкциялык тобокелдиктер: дагы 19 компаниянын ишин токтотуу демилгеленди

Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча иш башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды. Эске салсак, июндун аягындагы

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Ошто 10 мектеп жана IT-шаарча курулуп жатат

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулуп, шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилер көрсөтүлдү. Министрдин айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Ошто 10 жаңы мектептин курулушу