Коом
Лотереянын жеңүүчүлөрүн алдап акча алуу максатында телефон чалган шылуундар пайда болду – Салык кызматы
Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө алдоо жолу менен акча алуу максатында телефон чалуу боюнча алдамчылык фактылары тууралуу эскертет. Бул тууралуу мекеме билдирди. Лотереянын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну