Россиялык эксперттер рублдин курсу боюнча божомолдорун айтышты

Россиялык эксперттер рублдин курсу боюнча божомолдорун айтышты

Евгений Пригожин 23-июнь күнү кечинде "адилеттик маршын" жарыялагандан тартып, Кыргызстанда рублдин сомго карата курсу түшүп кеткен эле жана ошондон бери мурдагы абалына келе элек. Бүгүн, 4-июль саат 11:45ке карата Бишкектин акча алмаштыруу жайларында 1 рублди сатып алуунун орточо курсу 0.970, ал эми сатуу 1.010 болууда.

Рублдин алсыздануу тенденциясы апрель айында байкалган (бир доллар 77ден 80 рублга чейин көтөрүлгөн), бирок май айында чет элдик валюталар бир аз басаңдаган болчу. Бирок жайдын биринчи айында рублдин курсу дээрлик вертикалдуу төмөндөп, дароо өз наркынын 12%ын жоготкон.

Россиянын Борбордук банкы рублдин алсызданышы инфляциянын кесепети экенин, аталган банктын кезектеги жыйынында негизги ченди жогорулатуу караларын билдирүүдө. Бирок ошол эле учурда экспорттоочулар үчүн да мүмкүнчүлүк экенин, арзан рубль быйыл эң чоң дефицит менен иштеп жаткан бюджетти тең салмактоого жардам берери айтылууда (быйыл Россиянын жаңы тарыхында эң чоң бюджет тартыштыгы байкалган). Бирок россиялык өндүрүүчүлөрдүн көз карашы боюнча, өтө алсыз рубль убакыт өтүп көйгөй жарата башташы мүмкүн. Ошондуктан эксперттер Борбордук банк менен Финансы министрлиги улуттук валютанын курсунун төмөндөшүнө кайдыгер карашпай турганын болжолдошууда.

2023-жылдын экинчи чейрегинде рублдин курсу АКШ долларына карата дароо 12 рублга — болжол менен 15%га төмөндөдү. Россиялык басылма бул жайда рубль кандай болоору тууралуу өлкөнүн финансы рыногундагы эксперттердин божомолун сурап чыккан.

«Цифра брокер» компаниясынын аналитиги Даниил Болотских:

— Негизги фактор катары соода балансынын сальдосу эсептелет. Импорттук баасынын өсүшү жана экспорттун төмөндөшү рублдин курсун ого бетер начарлатышы, ошондой эле Кытай экономикасынын басаңдашы экспортко жана рублга катуу сокку урушу мүмкүн.

«БКС Мир инвестиций» брокердик компаниясынын башкы экономисти Наталья Лаврова:

— Рублдин курсунун кыймылы дагы эле бир нече факторлордон көз каранды. Негизинен бул учурдагы эсептин сальдосу (биринчи кезекте экспорттун жана импорттун динамикасы) эсептелет. Башкы фактор болуп экспорттоочулар тарабынан валюта сатуунун көлөмү саналат (ал белгилүү бир деңгээлде ликвиддүүлүктүн деңгээлин аныктайт). Ал эми үчүнчү фактор — бюджеттик эреженин таасири — юанды сатып алуу жана сатуу көлөмү туруксуздукту текшилейт. Urals мунайынын баасы 10% га көтөрүлүшү мүмкүн деген биздин күтүүлөрүбүзгө таянсак, рубль долларга карата 82-83 тегерегинде болот.

УК ПСБ (Менеджмент боюнча консалтинг жана бизнеске юридикалык колдоо көрсөтүү) компаниясынын генералдык директорунун кенешчиси  Николай Рясков:

— Рубль өткөн жылдын аягында башталган импортту калыбына келтирүүнүн таасири астында төмөндөөдө. Натыйжада импорт өсүп, ошого жараша алмаштыруу курсу да жылып жатат. Рублдин өсүүсүн салык төлөмдөрү, Россиядан чыккан товарлардын экспортунун болушунча көбөйүшү жана жеткирүү чынжырларын оптималдаштыруусу гана камсыз кыла алат. Волатилдүүлүк күчөгөн учурда Борбордук банк тарабынан интервенциялар болушу мүмкүн.

Орус валютасынын курсуна чийки зат бааларынын алсыздыгы, Россиянын учурдагы төлөм балансынын профицитинин сезондук начарлашы, өлкөдөн чыгып жаткан чет өлкөлүк компаниялардын валютага болгон суроо-талаптары, ошондой эле геосаясий кырдаалдын курчушу таасир этет. Учурда (4-июль, 2023-ж.) Россияда 1 рубль 89.33 доллар, ал эми еврого карата 97.26 болууда. Ал эми Кыргызстанда valuta.kg сайтынын маалыматтарына таянсак, бүгүн рублдин эң жогорку курсу 0.98ди көрсөтүүдө. Жогоруда эксперттердин рубль  жана россиялык басылмалардын божомолдорун карай турган болсок, рублдин каттуу алсызданышы күтүлбөйт жана сомго карата мурдагы ордуна келбесе дагы, теңелиши мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала