Экономика
2022-жылы республикалык бюджетти колдоого 105 млн доллар каралды - Татиков
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков министрликтин Инстаграмдагы баракчасынан түз эфирге чыгып, республикалык бюджеттин тартыштыгынын тышкы жана ички каржылоо булактары тууралуу маалымат берди. Анын берген маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин тартыштыгынын ички каржылоо булактары – мамлекеттик баалуу кагаздар, ал эми тышкы булактары – сырттан келген насыялар болуп саналат. Мамлекеттин баалуу кагаздарынын эки түрү