Таласта тигүү фабрикасын куруусунда мамлекетке 7 млн сомго зыян келтирилген
Талас шаарынын мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча