Транспорт министрлиги Кыргызстан боюнча жолдорду оңдоо боюнча отчет берди

Транспорт министрлиги Кыргызстан боюнча жолдорду оңдоо боюнча отчет берди

Транспорт жана коммуникация министрлиги жаз айларында Кыргызстандын жолдорун оңдоо иштерин жандады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү. Ошондой эле, Манас унаа жолуна асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жер иштери жүрүүдө. Жумуштар жолдун 0-3-чакырым аралыгында жүрүп, жеринде атайын техникалар менен кызматкерлер иштеп жатышат.

Орловка-Чым-Коргон унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалды. Нарын шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Учурда суу өтүүчү түтүктөрдү орнотуу, эски асфальтты сыйрып тазалоо, кум менен шагыл аралашмасын төгүп, тегиздөө жумуштары жүрүүдө.

Каркыра-Турук-Сары-Жаз унаа жолундагы кар көчкүлөр, тоодон кулаган таштар тазаланып, малчылар үчүн жайыттарга жол ачылууда. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 150-159-чакырым аралыктарында актап, сырдоо, таштандылардан тазалоо жумуштары жүрдү.

Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу жумуштары аткарылды. Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолдун 243-291-чакырымдарында таш терүү жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 0-7-чакырымдарында суу түтүкчөлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек-Ош унаа жолунун 616-632-чакырым аралыгындагы калктуу конуштардын аттары жазылган такталар жаңыланды. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 16-19-чакырым аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media