Кыргызстан мобилдик интернеттин баасы боюнча КМШда 1-орунда турат. Эмне үчүн бизде интернет арзан?
Мобилдик интернети эң арзан мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдин экинчи сабын жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу абройлуу британиялык Cable.co.uk порталы 2021-жыл боюнча жүргүзгөн изилдөөнүн маалыматтарында айтылат. Дүйнөдөгү мобилдик интернеттин баасы боюнча отчётто рейтингдин авторлору дүйнөнүн 230 өлкөсүндөгү уюлдук операторлордун 6 миңден ашык тарифтик пландарын