акыркы жаңылыктар

Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү

Ысыкта электр энергиясын колдонуу рекорддук көрсөткүчкө жетти - Токтогулда суунун чыгымы көбөйдү

Кыргызстанда жай мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталганын “Улуттук энергохолдинг” билдирди. Аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жайкы мезгилдеги электр энергиясын колдонуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Үстүбүздөгү жылдын 19-июлуна карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 34 млн кВт-саатты түзгөн. Ал эми өткөн жылы 29 млн кВт-саат, 2020-жылы 28 млн кВт-саат болгон. Электр

Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

Финансы министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө каралган акчанын жарымын берди

2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 4 млрд 495 млн сом каралып, 2022-жылдын 30-июнуна карата 2 млрд 300.5 млн сом бөлүнгөн (49.2%). Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Эң көп каржы талап кылган «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук энергиясын субсидиялоого 1.41 млрд сом (93.6 млн

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Илон Маск менен кызматташууну көздөөдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланыштын сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурс үчүн SpaceX менен кызматташуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу министр Талантбек Иманов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө бардык операторлор менен байланыштын сапатын көзөмөлдөөнү пландаштырууда. Space Exploration Technologies Corporation (SpaceX) — космостук технологияларды чыгарган америкалык компания. SpaceX 2002-жылы Марсты колониялоо үчүн ракета

Россиялык компания кыргызстандыктарды соцкамсыздандыруу менен ишке алууга даяр экенин билдирди

Россиялык компания кыргызстандыктарды соцкамсыздандыруу менен ишке алууга даяр экенин билдирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россиянын “Прайдекс” курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жайгашкан компаниянын өкүлдөрү КРнын жарандарын РФда ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр экендигин билдиришкен. Ошол эле учурда татыктуу эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак

Курулуш компанияларына объект бүтүп, ишке берилгенге чейин кардарларынан акча алууга тыюу салууну көздөшүүдө

Курулуш компанияларына объект бүтүп, ишке берилгенге чейин кардарларынан акча алууга тыюу салууну көздөшүүдө

Курулуш компанияларына объект бүтүп, ишке берилгенге чейин сатып алуучулардан батирлер үчүн акча алууга тыюу салынат. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Мамкурулушка Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеште берген. Жапаровдун айтымында, объекттин курулушу расмий аяктаганга чейин курулуш компаниясынын кардарларынын акчасы банкта сакталышы керек. Объект расмий ишке берилгенге чейин ишканалар

Кутессай-II, Андаш, Талды-Булак жана Күрмөнтү кендери «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине өттү

Кутессай-II, Андаш, Талды-Булак жана Күрмөнтү кендери «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине өттү

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги төрт кенди чалгындоого лицензия алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын айтымында, Андаш, Талды-Булак алтын кендери, Кутессай-II сейрек кездешүүчү металл кени жана Күрмөнтү акиташ кенин алышкан. «Алар көп кайрылуу жолдошту. Алардын айрымдары четке кагылды.

Венгриялык A-Hid компаниясы КРда кичи ГЭСтердин долбоорун иштеп чыгат

Венгриялык A-Hid компаниясы КРда кичи ГЭСтердин долбоорун иштеп чыгат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча A-Hid венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушканын микабдын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясы ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. “Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан

Жаңы жылга чейин эң чоң «Дордой-Балыкчы» эт комбинаты ишке кирет

Жаңы жылга чейин эң чоң «Дордой-Балыкчы» эт комбинаты ишке кирет

“Дордой-Балыкчы” эт комбинатынын курулуш долбоору аяктоо стадиясында турат жана 2022-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маалыматты КРдагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) компаниясы ишкананын уюмга мүчө болгонун кабарлап жатып билдирди. Белгилей кетсек, “Дордой-Балыкчы” КРдагы эң ири эт комбинаты болот деп, аны алгач 2020-жылдын декабрында ишке киргизүү пландалган эле. Долбоорго ылайык, эт комбинатында

USAID Баткендин мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөрүнө жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди

USAID Баткендин мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөрүнө жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди

USAID Баткен мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы шок тоңдургуч жабдууларын берди. Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө

Кыргызстанда эркектер аялдарга салыштырмалуу 42%га көп жумуш менен камсыз болгон - эркектер 1.6 млн

Кыргызстанда эркектер аялдарга салыштырмалуу 42%га көп жумуш менен камсыз болгон - эркектер 1.6 млн

Улутстатком 2021-жылга карата өткөргөн үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. 2021-жылдагы изилдөөнүн маалыматтары боюнча, 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушка жарамдуу калктын саны 2.7 миллионго жакын адамды түзгөн, алардын ичинен 2.5 миллиондон ашыгы иштегендер жана 142 миңден ашык жумушсуз жүргөндөр болгон. Экономикада

Улуттук банк 40 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу алып салды

Улуттук банк 40 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу алып салды

Акыркы убактагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жөнгө салуучу банк 40 факты боюнча акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотуп, жалпысынан 1 млн сомдон ашык айып пул салганын Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Ал белгилегендей, учурда валюталык спекуляцияга жол бербөө үчүн банктарга жана акча алмаштыруу жайларына мониторинг жана көзөмөл күчөтүлүүдө. «Улуттук банк

Памирлик кыргыздарга үй салып берүүгө 77 млн сом бөлүнөт - 400 үй-бүлө келет

Памирлик кыргыздарга үй салып берүүгө 77 млн сом бөлүнөт - 400 үй-бүлө келет

Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга үй салып берүүгө казынадан 77 млн 220 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек социалдык министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Ош облусунун Кашка-Суу айылынан 70 гектар аянтка 30 турак жай курулмакчы. Базарбаев эки жылда (2022-2024-жылдары) Ооганстандын Кичи