Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырат

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырат

ЖК депутаты Жаныбек Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечти. Бул тууралуу депутат өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирди.

«Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм», — деп жазды Абиров.

Өзүнүн чечимин Абиров депутат болууга «моралдык укугум жок» деп түшүндүрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунда көпүрө курулууда

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 140-чакырымында жайгашкан көпүрөдө курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда объектте көпүрөнүн тирөөч жана каптал дубалдарын куруу боюнча негизги жумуштар аткарылууда. Курулуш аянтчасында арматураларды монтаждоо, калыптарды орнотуу жана бетон куюу процесстери жүргүзүлүп жатат. Иштер атайын техникалардын жардамы менен

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эномомикалык кызматташтыгы бекемделүүдө

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эномомикалык кызматташтыгы бекемделүүдө

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев KOTRAнын аймактык директору Хон Ду Ён менен жолугушту.Бул тууралуу Соода палатасынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корея соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарын, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүнү жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү талкуулашты. Бул жолугушуу KOTRAнын жаңы аймактык директору үчүн палатанын ишмердүүлүгү менен таанышып,

Кыргызстанда 7000ден ашуун орундуу 9 студенттик жатакана курулат

Кыргызстанда 7000ден ашуун орундуу 9 студенттик жатакана курулат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жатаканаларды куруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын тааныштырды. Ага ылайык, программа боюнча 8000 квота каралып, өлкөнүн 5 облусунда,

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаа тапшырылат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү автотранспорт менен камсыз кылуу жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөт. Унаалар “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми менен алынат. Жалпысынан Chevrolet