акыркы жаңылыктар

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту. Режеп Тайып Эрдоган Садыр

Кыргызстандыктарга турак жай алуу үчүн пайызсыз насыя берилет - шарттар

Кыргызстандыктарга турак жай алуу үчүн пайызсыз насыя берилет - шарттар

Кыргызстандыктарга «Муслим» долбоорунун алкагында турак жай алуу үчүн үстөксүз насыя берилет. Бул тууралуу 13-мартта Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (IBIC) IBIF-2023 Ислам инвестициялык бизнес форумунда маалым болду. Белгиленгендей, долбоорду IBIC Ислам финансылык кооперативи жана Борбордук Азиянын Ислам өнүктүрүү фонду (IDFCA) менен биргеликте ишке ашырууда. Өнөктөш минкаб болуп саналат.

Акылбек Жапаров кытай делегациясын кабыл алды

Акылбек Жапаров кытай делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча Канцеляриясынын жетекчиси Цай Сяньцзин башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле, делегациянын курамына «Zhongtong Bus» компаниясынын башкы директору Пэн Фэн жана «Zhongtong Bus Overseas» Marketing компаниясынын башкы директору Чжу Юнху жана

Динара Кутманованын ордуна Экология министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Динара Кутманованын ордуна Экология министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу – Мелис Тургунбаевди тааныштырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. «Бизде жердин үстүндө жана алдында эмне бар экиндиги жөнүндө толук маалымат жок. Электр энергиясын өндүрүүгө боло турган бизде канча мөңгү, дарыя жана суу бар. Бул

Бишкектин мэриясы жаңы жол түйүндөр долбоорун тартуулады - фото

Бишкектин мэриясы жаңы жол түйүндөр долбоорун тартуулады - фото

Бишкекте гранттын эсебинен жаңы жол түйүндөрү салынат. Каражат «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы» (3-фаза) долбоорунун алкагында бөлүнөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Грант Кытай аркылуу бөлүнөт. Анын эсебинен эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда. Ошентип, планда: • Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү

Кара-Балта мэриясынын балансына бала бакчанын жана дарыкананын имараты өткөрүлдү – жалпы баасы 34.5 млн сом

Кара-Балта мэриясынын балансына бала бакчанын жана дарыкананын имараты өткөрүлдү – жалпы баасы 34.5 млн сом

Кара-Балта мэриясынын балансына шаарда жайгашкан жер тилкеси менен даарыкана имараты жана бала бакча кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Бирок, текшерүүдѳ жогорудагы мүлктөрдүн бири да муниципалдык менчикке кабыл алынбагандыгы аныкталган. Көз карандысыз баалоочулардын маалыматына боюнча жер тилкелеринин жана имарат-курулуштардын жалпы баасы 34 млн 591 миң 992 сомду түзгөндүгү

Кыргызстанда күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК таризделет

Кыргызстанда күн сайын 43 миңден ашык ЭТТК таризделет

Салык кызматынын маалыматтык системасында 42 миң 48 ишкер катталган жана жыл башынан бери электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жалпысынан ЭТТКны 59 миң 289 субъект колдонууда. «ЭТТК» системасына 1 млн 425 миң 219 товардык номенклатура киргизилген. Активдүү кампалардын саны 70 миң 469. Күн сайын ишкерлер

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-мартынан тартып 25-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык

Түркияга чогулган жардамдын көлөмү 104.3 млн сомдон ашты

Түркияга чогулган жардамдын көлөмү 104.3 млн сомдон ашты

2023-жылдын  15-мартына саат 10.00 Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 104.3 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.  Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам».  Тараптар табигый

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тууралуу жооп кайтты. Анын айтымында, ишканада алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. «Бул эми адамдык фактор. «Кумтөрдү» иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын

2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын январь, февраль айларында Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган. Бул тууралуу мекеме билдирди. Маалыматка ылайык, аныкталган фактылардын ичине төмөнкүлөр кирген: * укук бузуулар боюнча 736 иш козголуп, аны кароонун натыйжасында 5.1 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлүп, 14.5