Бишкектин мэриясы жаңы жол түйүндөр долбоорун тартуулады - фото

Бишкектин мэриясы жаңы жол түйүндөр долбоорун тартуулады - фото
Бишкекте гранттын эсебинен жаңы жол түйүндөрү салынат. Каражат «Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы» (3-фаза) долбоорунун алкагында бөлүнөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Грант Кытай аркылуу бөлүнөт. Анын эсебинен эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда.
Ошентип, планда:

• Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;
• Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;
• Л. Толстой көчөсү – Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;
• Анкара – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.

Учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media