Бийлик
Чүйдө аткаминерлер пара алып карантинге алынган продукцияларды экспорттоого уруксат беришкен
Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын айрым кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Такталгандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, департаменттин Чуй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн, «Фитосанитардык жана карантиндик