"Дордойдо" 370 млн сомдук эсепке алынбаган товар аныкталган – Салык кызматы ишкерлердин митинги тууралуу

"Дордойдо" 370 млн сомдук эсепке алынбаган товар аныкталган – Салык кызматы ишкерлердин митинги тууралуу

"Дордой" базарында 370 млн сом суммасында эсепке алынбаган товарлары бар 117 субъект аныкталган. Бул товарларды тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Бул тууралуу Салык кызматы 4-сентябрда "Дордой" базарында уюштурулган ишкерлердин митинги боюнча билдирүүсүндө белгиледи.

Ушул жылдын август айында Салык кызматы салыктык каттоосуз, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн иш жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында "Дордой" конушунда контролдук иш-чараларды өткөргөн. Бул иш-чарада ишкердик субъекттердин жана объекттердин жайгашуусунун электрондук картасын түзүү да каралган.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ээлери салык мыйзамдарын бузган 800дөн ашык контейнерге жана кампаларга мөөр басылган.

"Дордой" конушундагы контейнерлер жана кампалар ишкердик үчүн эмес, турак жай куруу үчүн арналган короо-жай алдындагы жер участокторунда жайгашканы аныкталган. Бул участоктор иш жүзүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз жана салыктарды, анын ичинде мүлк салыгын төлөбөстөн, кампа жана өндүрүш объекттери жайгашкан өнөр жай аймагы катары пайдаланылган.

Айрым ишкерлер бул 10 % өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда.

Эсепке алынбаган товарлары аныкталган бир катар салык төлөөчүлөр кошумча эсептелген салыктарды төлөй башташкандыгын белгилей кетүү зарыл.

4-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Кыдыргычов митингге чыккандар менен жолугушуп, аларга салык мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле бардык ишкерлерге адилеттүү шарттарды түзүү максатында салык төлөө зарылдыгын түшүндүрдү.

Салык кызматы ишкерлерди мыйзамды сактоого жана салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө, ошондой эле ишкерлер арасында адилеттүү атаандаштыкты түзүүгө активдүү катышууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media
“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

“Ата-Бейитти” өнүктүрүү боюнча архитектуралык сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги президентин тапшырмасына ылайык «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин куруу, көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча архитектуралык концепцияны иштеп чыгууга ачык конкурс жарыялайт. Тапшырмасынын аткарылышын координациялоо жана көзөмөлдөө Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тарабынан жүргүзүлөт. Конкурстун негизги максаты — комплекстин тарыхый жана руханий маанисин сактоо, улуттук эс тутумду чагылдырган

Ишкер Media