Бизнес
AZPROMO Кыргызстандын инвестициялык потенциалын изилдейт
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Азербайжандын экспортту жана инвестицияларды колдоо агенттигинин аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Юсиф Абдуллаев менен жолугушту. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Курулуш, билим берүү, байланыш, коргонуу, өндүрүш, транспорт, ошондой эле топоздун этин экспорттоо сыяктуу ар