Август айында Ошто 100 орундук бала бакча ачылат – курулуш 90%га аяктады

Август айында Ошто 100 орундук бала бакча ачылат – курулуш 90%га аяктады

«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Ош шаарынын мэри «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ладовский көчөсүндө салынып жаткан 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты.

Мында курулуш иши 90%га бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө.

Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында аяктайт.

Еще статьи из категории

Еще статьи из категории