Экономика
2023-жылдын март айында Кыргызстандын мамлекеттик карызы $24 млн өстү
Кыргызстандын мамлекеттик карызы ушул жылдын март айынын аягында $5 млрд 623 млн (491 млрд 575 млн сом) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, март айында мамлекеттин тышкы жана ички кредиторлорго карызынын көлөмү дагы $24 млн көбөйсө, үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул сумма $5 млрд 598.9 млн түзгөн. Мамлекеттик