Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү Антонелла Бассани менен жолукту

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү Антонелла Бассани менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана ийгиликтүү өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Өлкөнүн мамлекеттик программаларына ылайык суу менен камсыздоо жана канализация тармагында республика боюнча 232 айылда жана 27 шаарда жалпы суммасы $468.2 млн долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда», – деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле, Кыргыз Республикасы суу жана гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин белгилөө менен, ири долбоорлордо Дүйнөлүк банктын тажрыйбасын эске алып, Дүйнөлүк банкты ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү кызматташууга чакырды.

Read more

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты