Акылбек Жапаров Кытайдын элчиси менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара