Nestle компаниясы Кыргызстанда бөтөлкөдөгү сууну чыгарууга кызыкдар
2023-жылдын 3-мартында Швейцарияда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Nestle компаниясынын улук вице-президенти Питер Свенссон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кулубаев өлкөнүн экспорттук потенциалы жана экологиялык жактан таза жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана экспорттоо боюнча колдо болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргызстандын олуттуу суу