Садыр Жапаров Made in Kyrgyzstan улуттук брендин түзүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле президент «Бир айыл — бир продукт» Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» жарлыкка кол койду. БАБП өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон.