Ошто 4 айдын ичинде Өзбекстандан алынып келинген автобустардын 16% бузулду
Ошто Өзбекстандан алынып келинген 50 даана автобустун сегизи бузулду. Алар былтыр октябрь айында келген. Бул тууралуу T-Media порталы билдирди Маалыматка ылайык, мэрия алардын ар бирин $37 миң сатып алган. Автобустардын сегизи тең ар кайсыл жеринен бузулган. Ош мэриясына караштуу «Автоунаа» муниципалдык ишканасынын инженери Ырысбек Жээналиевдин сөзүнө караганда, автобустарды оңдоо үчүн