Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бирикмесинин курамына «Тумар», «Накта», «Элдик кол өнөрчүлүк союзу», «Кыргыз стили», «Алтын кол Нарын, Алай» жана башка ири бирикмелер кирет. Алардын баары чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштешет. Бирок кол өнөрчүлөрдүн айтымында, дүйнөлүк рынокко чыккан товарлардын сапатын көзөмөлдөө зарыл. Ал эми көзөмөл биргелешип иштегенде гана болот.

«Ушул убакка чейин кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрү менен бир дагы мамлекеттик орган алектенген эмес. Тилекке каршы, сапаты начар буюмдар жергиликтүү, жада калса эл аралык рынокко чыгып жатат. Ошол эле учурда кээ бир кол өнөрчүлүк цехтери кыргыздын каада-салтын сактабай, улуттук сувенирлерибизди, кийим-кечелерибизди чыгарышат. Башкача айтканда бул арзан баага ээ болуу үчүн бурмаланып жатат. Биз Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, сапатсыз товарларды чыгарбашыбыз керек», – дейт ассоциациянын мүчөсү Нургүл Артыкбаева.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media