Чет өлкөгө чыгуунун алдында мигранттар бир нече ай окуудан өтүшү керек
Чет өлкөгө чыгууга ниеттенген мигранттар бир нече ай окуудан өтүшү керек. Бул тууралуу Economist.kg финансылык басылмасынын редакциясы «Миграция. Кыргызстандыктар үчүн ачылган жаңы багыттар» деп аталган темада уюштурган тегерек столунда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди. Анын айтымында, мигранттарга алар бара турган өлкөнүн тилин, каада-салтын, маданиятын