Бизнес
Электромобилдерди импорттого тарифтик жеңилдиктер дагы бир жылга узартылды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдер үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Арменияда, Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда Россияда жарандыгы