Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду
Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. «Учурда бул багыттагы сүйлөшүүлөр мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде жүрүп жатат», – деди ал. Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн келишимге