Назира Абдиева

Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар

Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар

Кечээ, 7-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Бишкекке келди. Делегациянын курамында бизнести өнүктүрүү, тоо-кен, айыл чарба жана санариптик секторунун директору Али Алрашди башында турган Royal Group компаниясынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Инвестиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Визиттин жүрүшүндө, араб делегациясынын өтүнүчү боюнча, министрлик мейманкана жана бизнес борборлорунун, курорттук комплекстердин курулушунун долбоорлорун

Салык кызматы текшерүүгө алган жарандын банктагы сыр маалыматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Салык кызматы текшерүүгө алган жарандын банктагы сыр маалыматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Салык кызматы расмий текшерүүгө алынган салык төлөөчүнүн банктык сыр маалыматтарын ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков билдирди.   Анын айтымында, алар бул компромисске Кыргызстандын банктар Биримдиги менен чогуу келишкен. «Салык кызматынын банктар менен өз ара аракеттенүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат,

АКШга «Green Card» лотереясына онлайн каттоо башталды

АКШга «Green Card» лотереясына онлайн каттоо башталды

Америка Кошмо Штаттарынын бийлиги 2023-жылга карата «Green Card» лотереясына катышуу үчүн онлайн каттоо иштери башталганын жарыялады. 7-октябрда башталган арыздарды кабыл алуу процесси 9-ноябрга чейин https://dvprogram.state.gov дарегинде уланат. Бул лотерея чет өлкөлүк жарандарга Америкада жашоо укугун берет. Жыйынтыгы 2022-жылдын май айында жарыяланат.

Күз-кышка даярдыкты августта караш керек болчу, күздүн ортосунда эмес – Момбеков

Күз-кышка даярдыкты августта караш керек болчу, күздүн ортосунда эмес – Момбеков

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков электр энергиясы боюнча маселени көтөрдү. Анын пикиринде күз-кыш мезгилдерине даярдыкты жай айларында эле караш керек болчу. «Өкмөт күз-кышка даярдык боюнча маселени эмки жумада комитетке киргизет, аркы жумада палатада карайбыз деп жатат. Алардын даярдыгын августта карашыбыз керек болчу, бүгүн болсо чабалдыгын карашыбыз керек

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июль айында 47 млн долларга кыскарды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июль айында 47 млн долларга кыскарды

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 31-июлга карата 4 млрд 874 млн долларды (413 млрд 142 млн сом) түздү. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады. Өткөн айга салыштырмалуу карыздын көлөмү 47 млн долларга азайган, ал эми республиканын тышкы карызы дээрлик 4 млрд 163 млн долларга, ички карызы – 711 млн долларга жеткен.

Айыл чарбаны колдоого  «Айыл Банк» ААКга өкмөт 427 млн сом бөлдү

Айыл чарбаны колдоого «Айыл Банк» ААКга өкмөт 427 млн сом бөлдү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ААКга өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426.6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. «Айыл Банк» ААКга КРнын Улуттук

Аймактагы ишкерлер билимге муктаж – JIA

Кызыктуулар

Аймактагы ишкерлер билимге муктаж – JIA

Зарема Урдөөлөтова 2003-жылдан бери кийим тигүү жаатында иш алып барат. Алгач Бишкек шаарында баштап, кийинчерээк Ысык-Көлгө көчүп кеткен. Ошондой эле ал аймакта иш алып баруу оңой эмес экенин айтат. «Бул жерде шаардагыдай тытынып иштешпейт. Тигүүчүлөр турбайт, дайыма келип-кете беришет. Заказчиктерди табуу да кыйын. Көп учурларда ишим үзгүлтүккө учурап, отуруп калган

Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо үчүн Европа өнүктүрүү банкы бөлгөн 22 млн евронун 10.5 млн доллары сарпталган, бирок иш жүзүндө эч нерсе болгон эмес. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Биз тендердин мыйзамдуулугун изилдөө жана полигондун түтөгөн жерлерин калыбына келтирүү жана консервациялоо боюнча подрядчы

ОКӨФ кредит берүүнүн минималдуу суммасын 100-200 миң долларга түшүрдү

ОКӨФ кредит берүүнүн минималдуу суммасын 100-200 миң долларга түшүрдү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кредит берүүнүн минималдуу чегин 200 миң долларга, ал эми Нарын жана Баткен облустары үчүн 100 миң долларга түшүрдү. Бул алыскы региондордогу ишкерлерди колдоо жана фонддун каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган. Уюмдун маалыматына таянсак, ОКӨФтүн башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков Жалал-Абад шаарындагы JIA «Бизнес-Караван» бизнес-ассоциациясынын долбоорунун алкагында ишкерлер менен

КРга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду

КРга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду

Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Биринчи Радиого Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди. Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналган, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген болчу.

Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Эскерте кетсек, бүгүн, 6-октябрдагы ЖКнын жыйынында Дастан Бекешев Тажикстандан электр энергиясынын келгени тууралуу маалымат жоктугун айткан болчу. Компаниянын берген маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр

«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде «канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын» билдирди. Бул тууралуу 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат. Анда көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин