Аймактагы ишкерлер билимге муктаж – JIA

Аймактагы ишкерлер билимге муктаж – JIA

Зарема Урдөөлөтова 2003-жылдан бери кийим тигүү жаатында иш алып барат. Алгач Бишкек шаарында баштап, кийинчерээк Ысык-Көлгө көчүп кеткен. Ошондой эле ал аймакта иш алып баруу оңой эмес экенин айтат.

«Бул жерде шаардагыдай тытынып иштешпейт. Тигүүчүлөр турбайт, дайыма келип-кете беришет. Заказчиктерди табуу да кыйын. Көп учурларда ишим үзгүлтүккө учурап, отуруп калган убактар да болду», – дейт ал.

Кийим тигүү цехинде учурда 4 жумушчу иштейт. Ишкананын продукциясы ички рынокто сатылат. Пандемия учурунда иш дээрлик токтоп калган. Бизнестеги насаатчылык программасына кошулгандан бери иши кайра жанданганын айтат.

«Фейсбуктан «менти-ментор» деген программаны көрүп калып, арыз жөнөтүп койгом. Өтүп кетиптирмин. Бул тажрыйбасы жок ишкерлер үчүн сонун долбоор экен. Мен эң негизгиси, билимге муктаж болчумун. Онлайн окуулардан сонун нерселерди үйрөндүм, мыкты устаттар менен таанышып, алардын сабактарын азыр да интернеттен таап дайыма угуп турам».

Бул долбоордун алкагында ишкер айым чийки зат үчүн чакан каражат алган. Ошонун аркасы менен пандемия учурунда калган төрт тигүүчүсүн кармап калган экен. Учурда беткап тигип башташкан.

«Жаңы ишкерлик менен алектенип жаткан айымдарга менти-ментор программасы абдан маанилүү. Эң эле жөнөкөй нерселер башында аларга чоң тоскооолдук болуп калышы мүмкүн. Кантип баштоо керек, сырьену кайдан алса болот, канча каражат менен баштоо керек, кантип сатса болот ж.б. А менторлор болсо жеке ишкерлик жаатында аз болсо да тажрыйбасы бар, ушундай баштапкы этаптан өткөн ишкерлер, ошол жагынан жардам берип, суроолорго жооп бере алышат» – дейт Зарема Урдөөлөтованын устаты Нуржан Казакбаева.

Устат-шакирт алты ай бою онлайн байланыш аркылуу насаатчылык программасынын алкагында кызматташып келишкен. Нуржан Казакбаева 3 жылдан бери текстиль жаатында ишкердик кылат. Бул программанын артыкчылыгы, менти гана эмес, ментор да көп нерсеге үйрөнөт экен дейт.

«Негизи менти-ментор программасында ментиге гана үйрөтпөстөн, ментор да көп нерсеге үйрөнө алат, бири-бири менен алака түзүүдө эки тарап тең көп нерселерди үйрөнүшөт. Ошондуктан ишкерлер ортосунда пикир алмашуу боюнча иш чаралар көп болсо, өз ара тажрыйба алмашып, үйрөнүп, ишкерлерге көп жеңилдик болмок».

Соңку учурларда региондордо жеке ишкердик менен алектенгендер жылдан жылга көбөйүп жатканын айтат Нуржан Казакбаева. Көп адамдар колунан келген ишин бизнеске айлантуунун аракетин көрүп келишет. Бирок, аймактык ишкерлер үчүн заманбап билимдерге, жаңы маалыматтарга жеткиликтүүлүк боюнча маселелер бар. Насаатчылык долбоору так ошол кемчиликти толтуруу максатында ишке ашырылууда.

«Мага бул программада жетишпей турган бир гана нерсе болду – жандуу жолугушуулар. Негизи, жеринен келип жолугуп, бизнесибизди өз көздөрү менен көрүп, бетме-бет кеңештерин угуп, жандуу жолуксак мындан да эффективдүү болмок деп ойлойм. Бирок келечекте бул боюнча да планда бар деп айтып жатышат».

  • Ишкердик жаатындагы насаатчылык программасы JIA бизнес ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жатат. Долбоорго БУУӨП каржылык колдоо көрсөтүүдө. Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош аймактарынан тартылган 12 ишкер айымга тажрыйбалуу ишкерлер тандалып, алар алты ай бою ментордук кылып келишти. Долбоор ноябрь айында жыйынтыкталат.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт