КРнын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБдүн божомолу
Тоо-кен, соода жана башка кызматтар былтыркы төмөндөөдөн кийин калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 22-сентябрдагы отчетунда айтылат. «Азиянын өнүгүүсүнө көз караш (АӨКК) 2021» деп аталган АӨБдүн жылдык флагмандык экономикалык жаңы басылмасы, КРнын экономикасы 2021-жылы 3.5%, 2022-жылы 5%