Экономика министрлиги дыйкандарга жогорку түшүмдүү үрөндөрдү сатып алууга кредит берет

Экономика министрлиги дыйкандарга жогорку түшүмдүү үрөндөрдү сатып алууга кредит берет

Экономика министрлиги дыйкандарга жогорку түшүмдүү күздүк буудайдын үрөнүн сатып алууга насыя берет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик Өзбекстан менен күздүк буудайдын «Аср» жана «Давр» сортторунун 1000 тонна жогорку түшүмдүү үрөн берүү боюнча келишим түзүлгөнүн белгиледи. Бул тууралуу мурдараак Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков да айткан болчу.

Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, үрөнчүлүк чарбаларынан жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн күздүк буудайдын үрөнүнө арыздарды кабыл алууну уюштурушту. Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин белгилүү бир квотасына ылайык, Экономика министрлиги дыйкандар менен кредиттик келишимдерди жана күрөө келишимдерин түзүүнү пландап жатат.

Шарттары:

  • Чарбалык субъекттин төлөөгө жөндөмдүүлүгү болушу шарт жана мурда берилген бюджеттик ссудалар боюнча, салык мыйзамдары менен бюджетке төлөнүүчү мөөнөтү өткөн карыздары жок болушу керек
  • Пайыздык чен жылдык 2%ды түзөт
  • Кечиккен төлөмдөр үчүн айып жылдык 4% өлчөмүндө белгиленген
  • Региондордогу өрөөн чарбалары үчүн бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 1-сентябрына чейин, тоолуу аймактарда – 2022-жылдын 15-сентябрына чейин.

«Өзбекстандан келген 500 тонна үрөн 35 сом менен берилди. Дыйкандарга кийинки жылы кайтаруу шарты менен учурдагы базар баасынан төмөн берилип жатат. Дагы Казакстан 1000 тонна жүктөлүп жатат, жакында келет», – деген болчу министр.  

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA