Назира Абдиева

Ага Хан Фонду KICBнин акцияларын башка эл аралык каржы институттарынан сатып алды

Ага Хан Фонду KICBнин акцияларын башка эл аралык каржы институттарынан сатып алды

Ага Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» (KICB) ЖАКындагы үлүшүн көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди. Фонд ээ болгон үлүштөр төмөндөгүдөй: * Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) 4% акциялары * Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча немис корпорациясына таандык 4% акция * Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 3.999% акциялары

Тамак-аш азыктары дээрлик 8%га кымбаттады

Тамак-аш азыктары дээрлик 8%га кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) жалпы республика боюнча баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7.6%га кымбаттады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет. Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча: * керектөө баалары – 6.2% * тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктар – 7.6% * алкоголдук ичимдиктер жана тамеки

KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздукту камсыздоого 5 млн доллар берет

KOICA Кыргызстандагы киберкоопсуздукту камсыздоого 5 млн доллар берет

КРнын УКМК Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен КРда компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү гранттык долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуулоо протоколуна кол койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Кореянын КРгы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана KOICA өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы директору

Эртең Жалал-Абадда Кыргызстан-Өзбекстан регионалдык конференциясы башталат

Эртең Жалал-Абадда Кыргызстан-Өзбекстан регионалдык конференциясы башталат

14-15-сентябрда Жалал-Абадда «Мамлекеттик – жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0. (Кыргызстан-Өзбекстан)» регионалдык конференциясы өтөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чара эртең Жалал-Абад шаарында башталып, бир аянтчага эки мамлекеттен эксперттерди, бийлик өкүлдөрүн, ишкерлерди, бизнес-ассоциацияларды чогултат. Катышуучуларга экономиканын белгилүү багыттары боюнча инвестициялоо мүмкүнчүлүгү, эксперттерден кеп-кеңештер жана насаатчылык, ошон

Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылды

Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылды

Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.

ОКӨФтүн долбоорунун портфели 387 млн долларга жетти

ОКӨФтүн долбоорунун портфели 387 млн долларга жетти

1-сентябрга карата Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 387.5 млн долларлык 3 миңден ашык насыя бергенин фонддун басма сөз кызматы билдирди. Фонддун портфелиндеги долбоорлордун жарымынан көбү өндүрүш секторунан (35%) жана агроөнөр жай комплексинен (24%) турат. Маанилүү үлүштү туризм долбоорлору (13%) жана инфраструктураны өнүктүрүү (12%) ээлейт. Ошол эле учурда эң көп насыя Бишкекте

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жергиликтүү элдин нааразычылыгынан чочулап, аларга тур уюштурду

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жергиликтүү элдин нааразычылыгынан чочулап, аларга тур уюштурду

Бүгүн, 2021-жылдын 10-сентябрьда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын коомчулук менен иштөө бөлүмү Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштыруу турун уюштурду. Турга негизинен совет маалында тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, кечээ, 9-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын кенин иштеткен

«Оптима Банк» жана «Астана» эл аралык финансы борбору (МФЦА) кызматташуу меморандумуна кол коюшту

«Оптима Банк» жана «Астана» эл аралык финансы борбору (МФЦА) кызматташуу меморандумуна кол коюшту

«Оптима Банк» жана «Астана» эл аралык финансы борбору (МФЦА) кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады. «Астана» финансылык борбору – инвестиция тартууга багытталган Орто Азия, Бажы биримдигинин өлкөлөрү, Батыш Кытай, Монголия жана Европа өлкөлөрү үчүн финансылык хаб болуп саналат. Борбор ишмердүүлүгүнүн алкагында өткөн жылы Казакстанга 4.7

«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгы» «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды

«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгы» «Артезиан» ЖЧКсына ыйгарылды

«Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгын» ыйгаруу аземи бүгүн, 10-сентябрда, Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) экономика иштери боюнча министрлеринин 10-жолугушуусунун алкагында болот. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Белгилей кетсек, жалпысынан кадыр-барктуу сыйлыкка КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирген 40тан ашуун компаниялар ат салышкан. Алардын ичинен кыска

Марипов: Түркия менен товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек

Марипов: Түркия менен товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек

Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Жолугушуу учурунда: «Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык

Жылдын аягына чейин 3 млрд кВт/с чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлөт

Экономика

Жылдын аягына чейин 3 млрд кВт/с чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлөт

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2021-жылы 3 млрд кВт/саатка чейин электр энергиясынын тартыштыгы күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бул суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө, ошондой эле электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын өсүп жаткандыгына жана суу аз мезгилдин кийинки циклине байланыштуу деп түшүндүрдү министрлик. Министрликтен билдиргендей, Энергетика тармагындагы

Россиядагы эмгек мигранттары жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөсө, административдик айып салынат

Россиядагы эмгек мигранттары жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзбөсө, административдик айып салынат

Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүүсү керек. Жок болсо, полиция административдик айып салуу түрүндө чараларды колдонот. Бул тууралуу КРнын РФгы элчилиги билдирди. Элчилик КРнын жарандарынан 2021-жылдын 30-сентябрына чейин РФнын аймагында болууну мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү,