«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жергиликтүү элдин нааразычылыгынан чочулап, аларга тур уюштурду

«Эти Бакыр Терексай» ишканасы жергиликтүү элдин нааразычылыгынан чочулап, аларга тур уюштурду

Бүгүн, 2021-жылдын 10-сентябрьда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын коомчулук менен иштөө бөлүмү Терек-Сай айылынын тургундары үчүн тааныштыруу турун уюштурду. Турга негизинен совет маалында тоо кен казуу тармагында эмгектен 15ке жакын ардагерлер катышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, митингге чыгышкан болчу. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү абаны булгап, балдардын оорусуна себеп болууда. Эң чоң көйгөй чаң болууда деп билдиришкен эле алар.

«Эки күн мурун форс-мажордук окуя орун алды. Тереккан участогунда таш кулап, чаң чыгып кетти. Биз шыр эле экскаватордун ишин токтоттук. Чаң айылга жетпей карьерге отуруп калды. Чаңды азайтуу боюнча көп аракеттер көрүлүүдө. Жолдорго дайыма суу чачуудан тышкары, суу чачуучу аппараттарын сатып алганбыз. Бирок Кытайдагы чек аралардын жабылышына байланыштуу товарлар кечигип атат», – деди ишкананын инженер-экологу Увасип Аманбаев.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү Кыргызстандык «Кыргызалтынга», 75%ы Түркиялык «Эти Бакыр» ачык коомуна таандык. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплекти куруу 200 млн долларды талап кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA