Экономика
Мамлекеттик банктарга сүт тармагынын жеңилдетилген насыя менен камсыздоосу тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб маалымдады. Төрөбаев «РСК банк» жана «Айыл банк» мамлекеттик банктарынын жетекчилерине сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатууга багытталган агроөнөр жай класстеринин алкагында