Араван районунда 225 орундук мектеп курулду – иштер 9 жыл мурун башталган

Араван районунда 225 орундук мектеп курулду – иштер 9 жыл мурун башталган

Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылындагы “Кызыл-Талаа”  мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын чакыруусу менен 22–23-июнда Лондондо өткөн "Жашыл шаарлар" программасынын инвестициялык жыйынына катышты. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара "Эртеңки күнгө инвестиция салуу: баарына жеткиликтүү жашыл жана туруктуу шаарларды калыптандыруу" деген ураан алдында өттү.

Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Мамлекет башчысына маалыматты Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып

Бостериде мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды

Бостериде мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды

24-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы токой тилкесинде мыйзамсыз кум казуу фактысы катталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, түнкү рейд учурунда тескөөчүлөр мыйзамсыз казылып алынган кумду ташып бара жаткан үч оор жүк ташуучу “Howo” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Транспорт каражаттары айып короого киргизилип,

Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы 26-июндан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайрадан жандантат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Авиакомпаниянын жаңы каттамдары Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын тургундарына көл жээгине тез жана ыңгайлуу