Коом
«Бишкекасфальтсервис» 8 чакырым тротуар жана веложол куруп жатат – даректер
Борбор калаада «Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан 4 көчөдө 8 чакырым тротуар курулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Сухэ-Батор көчөсүн бойлой Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун кыртышын даярдоо иштери аяктап, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүүдө. Юнусалиев