Жыл башынан бери 56 миң жаранга пенсия дайындалды
![Жыл башынан бери 56 миң жаранга пенсия дайындалды](/content/images/size/w1200/2023/11/sotsialnyj-fond.jpg)
Социалдык фонд 2023-жылдын январь-октябрь айларында 56 866 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Ошонун ичинде 2023-жылы октябрь айында 2 393 жаранга пенсия чектелди.
Эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1041 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.