Жакынкы күндөрү бийлик Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалар менен жолугат
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлөөрү пландалып жатат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын China Communications Construction Group Limited корпорациясынын башкы директорунун орун басары Чэн Чжун менен жолукту. Жолугушууда Төрөбаев пландалып жаткан жолугушуулар тууралуу маалыматты берди.