Минкаб энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча 15 келечектүү участоктордун тизмесин даярдады
Энергетика министрлиги чакан гидроэлектростанцияларды куруу үчүн келечектүү участоктордун тизмесин даярдады. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. «Биздин өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган потенциалдуу инвесторлор келечектүү объекттердин тизмеси менен таанышып, тиешелүү ведомстволордон керектүү кеңештерди ала алышат. Министрлер кабинети ачыктык жана айкындык саясатын,