Саясат
Борбор калаанын мэри «Бишкексууканалдын» жетекчисине сөгүш жарыялады
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландык кеңешме өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады. Кеңешменин жыйынтыгында мэр орун