Кыргызстанда эки жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген
2021-жылдан баштап ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген. Анын ичинен 32 жаран – россиялыктар, 3 жаран Казакстандан. Бул тууралуу Соцфонд билдирди. Такталгандай, пенсиялар 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ бирликтин мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде чектелген. Макулдашууга ылайык, пенсиялык укуктарга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары