«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Росинбанк» ААКсынын (азыркы учурда “Керемет банк”) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Таратылган маалыматтагы инициалдарга кайрылсак, ошол учурда Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары Нурбек Жеңиш жана Айнура Тезекбаева, башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү Алмаз Сыдыков жана Нурланбек Сагындыков болгон.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Эске салсак, февраль айында Улуттук банктын башкармалыктын мурдагы мүчөсү Тимур Джусупов кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек мигрантына 1,3 млн рубль карызы өндүрүлүп берилди

Эмгек мигрантына 1,3 млн рубль карызы өндүрүлүп берилди

Кыргызстандын жаранына Эмгек министрлигинин көмөгү менен 1,3 миллион рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.

Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев көчөсү жарым-жартылай жабылат

Бишкектеги Ж.Бөкөнбаев көчөсү жарым-жартылай жабылат

“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 12-майдан тарта Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө, Панфилов көчөсүнөн Республикалык ооруканага чейин жылуулук түтүктөрүн алмаштырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштери жүрө турган тилкенин жалпы узундугу 321 метрди түзөт. Бул түтүктөр 1986-жылы колдонууга берилген. Иш алып баруу учурунда Бөкөнбаев көчөсү аркылуу автотранспорт каражаттарынын кыймылына

Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ош шаарынын Сары-Зоо тилкесинде жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат. Курулуш иштеринде бардык техникалык

Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасын кымбаттатпай кармоо үчүн салыктарды убактылуу азайтуу сунушталды. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыкты. Маалыматка таянсак,  15-майдан 30-сентябрга чейин Аи-92 бензинине кошумча нарк салыгын 8% чейин түшүрүү сунушталууда. Ал эми дизелдик күйүүчү майга аны таптакыр эле жоюп салуу каралууда. Мындан тышкары, бензинге болгон акциз салыгын да