Садыр Жапаров «Каракол» аэропортун модернизациялоо менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо жана «Каракол» эл аралык аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, «Каракол» аэропортун модернизациялоонун алкагында бүгүнкү күндө аэровокзалдын жаңы имаратынын пайдубалын түптөө боюнча жер казуу