Кыргызстан санарип валютасын чыгарат

Кыргызстан санарип валютасын чыгарат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Binance компаниясынын маркетинг боюнча глобалдык директору Рейчел Конланды кабыл алды. 

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары негизинде санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өлкө башчы билдиргендей, учурда Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук кеңештин Катчылыгы сомго байланган KGST санариптик активин иштеп чыгууда.

Улуттук банк менен биргеликте мамлекеттик электрондук валюта - санарип сом долбоору боюнча платформасынын демо-версиясы сыноо режиминде иштөөдө. Жакын арада долбоор реалдуу маалыматтар менен тестирлөө стадиясына өтөт.

Келечекте санарип сомду жана KGST активин интеграциялоо аркылуу өлкө ичиндеги жана эл аралык төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү пландалууда.

Binance өкүлү Рейчел Конлан компания бул демилгени колдоого даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк, билим берүү жана технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору бекитилген. Финансы министрлигинен кабарлашкандай, аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Ломбарддардын уставдык капиталы 70 млн сомдон жогору болот

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тарта ломбарддардын минималдык капиталы 7 млн сомдон кем эмес болушу керек деген талапты бекитүүнү сунуштады.   Аталган ведомствонун билдиришинче ломбарддардын уставдык капиталын көбөйүшү алардын төлөө жөндөмүн жогорулатып, потенциалдык чыгымдарды жабуусун жакшыртат. Жана бул мамлекеттин ломбард рыногун натыйжалуу көзөмөлдөөгө, көмүскө схема менен күрөшкөнгө шарт түзөт.   Муну

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 200 млн сом кредит бөлүнүүдө

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн жеңилдетилген кредиттер берилет. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349-т токтому менен «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун» бекиткен. Долбоорду ишке ашырууда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционерлери катышып, алардын кредиттик көлөмү 200

IFAD  Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

IFAD Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) вице-президенти Донал Браун менен жолукту. Министр фондго Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшүнө кошкон көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, IFADдын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестиция көлөмү 120 млн