"Элдик Банк" БУУнун жооптуу банк иши принциптерине кошулду

Кыргызстандын эң ири финансылык мекемелеринин бири болгон “Элдик Банк” БУУнун курчап турган чөйрөнү коргоо программасы (UNEP FI) тарабынан иштелип чыккан Жооптуу банк иши принциптерине (Principles for Responsible Banking – PRB) расмий түрдө кошулду. Бул кадам менен банк туруктуу өнүгүүгө багытталган глобалдык демилгеге кошулган өлкөдөгү алгачкы банктардын бири болуп калды.
PRB – дүйнө жүзүндөгү банк мекемелеринин туруктуу келечекке карай иш алып баруусун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан алкактык документ. Бул принциптер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары жана Париж климаттык макулдашуусундагы милдеттенмелерге шайкеш иш алып барууну шарттайт. Анын алкагында банктар өз ишмердүүлүгүн экологиялык жана социалдык жоопкерчилик менен жүргүзүүгө тийиш.
"Элдик Банк" бул принциптерге кошулуу менен өзүнүн стратегиясына жана күнүмдүк иштерине туруктуулук элементтерин интеграциялоону милдеттенет. Тактап айтканда, банк өз ишмердүүлүгүнүн экологиялык жана социалдык таасирин аныктап, аны азайтууга аракеттенет. Климаттык тобокелдиктерди эсепке алуу менен өнөктөштөр жана кардарлар үчүн жоопкерчиликтүү каржылоо кызматтарын көрсөтөт. Ошондой эле, өз ишинин жыйынтыктары тууралуу ачык жана так маалымат берип турат.
Мындан тышкары, "Элдик Банк" дүйнөлүк банктык коомчулуктун бир бөлүгү катары жаңы экологиялык жана социалдык чечимдерди иштеп чыгууга, инновацияларды жайылтууга жана мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө катышат.
“Бул кадам биздин туруктуу өнүгүү стратегиябыздын маанилүү бөлүгү. Биз экономиканы гана эмес, коомду жана экологияны да колдоо менен жооптуу банк катары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы болууга умтулабыз”, — деп белгиледи Элдик Банктын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев.
"Элдик Банктын" мындай демилгеге кошулушу Кыргызстанда туруктуу өнүгүү багытында иш алып барган финансылык институттардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.