Улуттук банк санарип валютаны өнүктүрүү багытында иш алып барууда

Улуттук банк санарип валютаны өнүктүрүү багытында иш алып барууда

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев 13–18-октябрда Вашингтондо өткөн ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жыйынына катышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн борбордук банктары менен глобалдык экономикалык чакырыктарды талкуулады. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелис Тургунбаев Англия, Египет жана Армения борбордук банктарынын жетекчилери менен бирге баяндама жасап, чакан экономикалар үчүн жаңы глобалдык реалдуулукка — күчөгөн протекционизм жана белгисиздик шарттарына ылайык иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал криптоактивдер рыногунун өсүшүнө жана санариптик финансылык инструменттердин чакырыктарына токтолуп, Улуттук банк ачык-айкын акча жүгүртүүнү камсыздоо жана финансы системасынын туруктуулугун бекемдөө үчүн санариптик инфратүзүмдү, анын ичинде борбордук банктын санарип валютасын (CBDC) өнүктүрүп жатканын билдирди.

Тургунбаев санариптик активдерди жөнгө салууда жана тез өзгөрүп жаткан технологиялык шарттарда институттарды колдоодо Эл аралык валюта фондунун активдүү ролу маанилүү экенин да белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди. Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган