Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

Президенттин иш башкармалыгы Түштүк пландоо аймагынан 50 гектар жер сурады

"Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк пландоо аймагы) жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.

Мэриянын маалыматы боюнча, Президенттин иш башкармалыгы 2026-жылдын 29-январындагы №11/236 кат менен кайрылып, аянты 50,4938 гектар болгон жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону суранган.

Бул аймакты мындан ары мамлекеттин кызыкчылыгында пайдалануу жана мамлекеттик программалар менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берүү пландалууда.

Муниципалдык менчиктеги объектилерди мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

Буга чейин Президенттин иш башкармалыгы мэриядан төмөнкү даректердеги жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү да суранганы кабарланган:

  • Чүй проспекти, 108
  • Киев көчөсү, 55

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media